Сүрөт ачык булактардан алынды
29 октябрь
Кыргызстанда курулуштун көлөмү тогуз айда 1,6 эсеге өсүп, 380 млрд сомго жетти
2026-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанда курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 380 млрд 47,6 млн сомду түздү.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,6 эсеге көп.
Сентябрь айында гана курулуш продукциясынын көлөмү 79 млрд 552,1 млн сомго жетип, былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу 1,7 эсеге өскөн.
Ошондой эле негизги капиталга инвестициялардын көлөмү да кыйла көбөйгөн. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында бул көрсөткүч 365 млрд 664,5 млн сомду түзүп, салыштырма бааларда 1,7 эсеге өскөн.
Ал эми сентябрь айында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 83 млрд 880,3 млн сомго жетип, 2025-жылдын сентябрына салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөн.
