Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет
18 июнь

Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет

Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет..

Маалыматка ылайык, инстаграм социалдык тармагында белгисиз адамдар жарандарга ыңгайлуу шарттар менен мамлекеттик жеңилдетилген насыя алууга көмөк көрсөтүүнү убада кылган жарнактар таратылууда.

Ишенимге кирүү үчүн шылуундар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди көрсөтүшүп, ошондой эле кредит алды делген кардарлардын телеграммдагы жалган билдирүүлөрүн мисал келтирүүдө. Андан кийин алдамчылар ар кандай шылтоолор менен (камсыздандыруу, комиссия ж.б.) жарандардан акча которууну суранышат.

Буга байланыштуу Улуттук банк, бул – алдамчылардын кезектеги схемасы экенин эскертет. Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиз жана эч убакта бейтааныштарга акча которбоңуз! Эгерде күмөн санасаңыз, маалыматты расмий булактардагы текшериңиз.

Эскерте кетсек, Улуттук банк жарандарга телефон чалбайт, кызматкерлердин күбөлүгүн жана башка расмий документтерди мессенджерлер аркылуу жөнөтпөйт, акча которууну суранбайт, ошондой эле жеке адамдарды тейлебейт, эсеп ачпайт жана калкка насыя бербейт.

Эгерде сиз алдамчылардын курмандыгы болуп калганыңызды түшүнсөңүз, банк картасын дароо бөгөттөп, тез арада укук коргоо органдарына кайрылыңыз.

.Улуттук банктын коомдук кабылдамасынын номери (312) 61-04-86.