Кыргызстанда микрокредит алган калктын саны 30,5%га көбөйдү
26 май

Кыргызстанда микрокредит алган калктын саны 30,5%га көбөйдү

Үстүбүздөгү жылдын I кварталында микрокредиттерди берүүчү уюмдар тарабынан 19 млрд. сом суммасына жакын кредиттер берилди, мында алуучулардын саны 343 миңге жакын адамды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 30,5%га, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү - 39%га көбөйдү.

Микрокредиттерди алуучулардын басымдуу саны Бишкек ш. (алуучулардын жалпы санынын 38%ы), Ош (14,5%ы), Жалал-Абад (12%га жакын) жана Чүй облустарына (10%дан ашык) туура келди. Ошол эле учурда микрокредиттердин олуттуу суммасы Бишкек ш. (берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 27%ы), Ош облусунун (16%дан ашык), Жалал-Абад (14%ы) жана Чүй облустарынын (13%дан ашык) алуучуларына берилди.

Калкка берилген микрокредиттердин жалпы көлөмүнүн 61,5%ы керектөө муктаждыктарына алынган, бул өткөн жылдын январь-мартына салыштырмалуу 12,2 пайыздык пунктка көп.

Айыл чарбасындагы ишмердикти өнүктүрүүгө берилген микрокредиттердин үлүшү 17%га жакындады, соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсүндө - 10%дан ашты.