Финансы министри: Кыргызстандын тышкы карызы бюджетке оорчулугун тийгизбеген механизм менен төлөнүүдө
27 ноябрь

Финансы министри: Кыргызстандын тышкы карызы бюджетке оорчулугун тийгизбеген механизм менен төлөнүүдө

Финансы министри Алмаз Бакетаев учурда өлкөнүн тышкы карызы тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер жаралып жатканын, бирок алар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

“Билген да, билбеген да эксперт болуп, “мамлекеттин карызы өсүп баратат” деп жазышууда. А бирок 30 жылдын ичинде бүгүнкүдөй экономикалык туруктуулук болгон эмес. Кыргызстанга жыл сайын эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер 2-3 жолу келип кетишет. Анын арасында биз маалыматтарды аларга берип турабыз. Эгерде карызыбыз өсүп баратса, алар жазышмак “Кыргызстан карызга батты” деп. Тескерисинче, алардын обзорунда өлкөбүздүн экономикасы эң туруктуу экономика катары белгиленип турат”, – деди Бакетаев.

Айтымында, 2024-жылы тышкы карыз ИДПга салыштырмалуу 37 пайыз менен жыйынтыкталган. А мындай көрсөткүч буга чейин эч качан болгон эмес.

“2000-жылдары мамлекеттик карыз ИДПга салыштырмалуу 113 пайызды түзгөн. Андан бери кээде 90-80ге түшсө, кайра көтөрүлүп, ушундай динамика менен келгенбиз. Мамлекеттик карыз ИДПга салыштырмалуу 70 пайыздан ашпашы керек деген мамлекеттик стратегия чыгарылган. Ошол убакта 67-68 пайызды түзчү. 2021-жылдан тартып карыз азайтыла баштады, ошентип, 2024-жылды 37 пайыз менен аяктадык.

Өзүңүздөр билгендей, евробонд, улуттук баалуу кагаздарды чыгардык. Евробонд – тышкы карыз болуп эсептелинет. Алардын баарын топтоп келгенде, учурда тышкы карыз ИДПнын 42 пайызын түзүп жатат”, – деди ал.

Ал белгилегендей,  евробонд – бул абдан баалуу кагаз, ал бюджетке оорчулук келтирбегендей механизм менен чыгарылган. Мында алып келинген каражаттар күнүмдүк чыгашаларга жумшалган эмес, финансылык секторду жакшыртууга коротулган.

“Элдик банк ошол каражаттын эсебинен капитализация кылды, учурда 1 миллиард долларга жетейин деп калды. Ошону менен биздин Элдик банк Орто Азиядагы банктардын топ-5ине кирди. Элдик банкка бул кандай пайда берет? Биринчиден, чоң банк катары эсептелинет. Башка финансы институттары менен тең катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алат. Ошондой эле капиталы менен кошумча каражаттарды тартып келе алат. Банктын кредиттик портфелдери менен долбоорлорун карасак, 1,5 миллиард долларлык долбоорлор бар: энергетикалык инфраструктура, жол салуу, электр станцияларын куруу, анын баары банк тарабынан каржыланат”, – деди.

Айтымында, Элдик банк капитализация кылуу менен каражат табат. Ал каражаттан бюджетке дивидент төлөп берет. Анын ичинде тышкы карызга кетчү көлөм да бар. Ошентип, тышкы карыз бюджетке оорчулугун тийгизбеген механизм менен төлөнүп турат.