Таластагы таш майдалоочу завод: 150 тонна материал даярдалды
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №47 Жол тейлөө мекемесине таандык Миң-Булактагы таш майдалоочу завод 2024-жылдын 31-декабрынан тарта ишке берилген. Аз убакыт аралыгында бул объект аймактык инфраструктураны чыңдоого жана экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга салым кошуп жатат.
Учурда заводдо 7 адам туруктуу жумуш менен камсыз болуп, коопсуз жана ыңгайлуу шартта иш алып барууда. Заводдон чыккан материалдар №47 Жол тейлөө ишканасынын жол куруу иштерине гана эмес, Талас облусундагы башка курулуштарга дагы сатылып, кошумча киреше алып келүүдө.
Учурда заводдо 150 тоннага жакын даяр продукциянын запасы бар. Бул заводдун иши туруктуу жолго коюлуп, максаттуу багытта өнүгүп жатканынан кабар берет.
