«Курак» долбоору жыйынтыкталды
2024-жылдын 19-апрелинде GIZ кеңсесинде «Курак – Креативдүү индустриялардагы аялдар менен кыздарды колдоо» долбоорунун бет ачары болуп өткөн. Долбоордун бет ачарына фонддорду, бирикмелерди, кол өнөрчүлөрдү, сүрөтчүлөрдү чакыруу жана уюштуру иштери боюнча Мамлекеттик фондунун кызматкерлери жоопкерчиликти алышты.
Чыгармачылык-креативдик өнүгүүдө аялдарды колдоо, алардын жеке бизнестерин түзүүгө жардам берүү, дареметин жогорулатуу, экономиканын өнүгүшүнө салым кошуу максатында Германия эл аралык кызматташтык коому GIZ жана Кыргызпатент биргеликте жаңы долбоорду сунуштады.
Долбоордун 4 максаты бар:
1) Жакырчылыкты кыскартуу: Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга колдоо көрсөтүү.
2) Гендердик теңчилик: Тең мүмкүнчүлүктөрдү жайылтуу жана гендердик тоскоолдуктарды жоюу.
3) Татыктуу эмгек жана экономикалык өсүш: активдүү жашоо менен экономикага катышуу жана ишкердик.
4) Сапаттуу билим: Көндүмдөрдү өнүктүрүү жана окууларды камсыздоо.
Бул маанилүү долбоор Кыргызпатент менен биргеликте түзүлдү.
Долбоор боюнча Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунун кол-өнөрчүлөрүнө, дегеле талантуу жана креативдүү ишкерлер, мугалимдер жана жаштарга тренингдер өткөрүлдү.
2024-жылдын 31-июлунан 2-августка чейин Инновациялык борбордо өнөрүнөн киреше таап, бизнеске айландыргысы келген өнөрлүү айымдар үчүн креативдүү индустриядагы аялдарды колдоо боюнча "Курак" долбоорунун GALS Гендердик аракеттерди окуу системасы тренинги өткөн.
Долбоор 2025-жылы 29-апрелинде долбоор аяктап, жеңүүчүлөргө иштерин алып кетүүгө баалуу сыйлыктар 14 майында тапшырылды.
Маалымат үчүн:
Катышуучулар ар түрдүү тармактардардан келген: кино, кол өнөрчүлөр, мектеп окучуулар, сүрөтчүлөр, дизайнерлер ж.б.Аялдар өздөрүнүн ичинде болгон идеясын ишке ашырып аны фестивалга алып чыгып жыйынтыгында, коомчулукка көрсөтүп анан жеңүүчү аныкталат. Бул пилоттук долбоор биринчи жолу Ош шаарында болгон.




