Дыйкан-фермерлер күйүүчү майды электрондук тиркеме аркылуу ала алышат
Министерлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасына ылайык Мамлекеттик резервдер фондунун, “РедПетролиум” компаниясынын директорунун орун басары Ильхам Раимбердиевдин катышуусунда, дизелдик күйүүчү майларды арзан баада алуу жактары боюнча Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары менен биргеликте видео-конференция байланышындагы (ВКС) жыйыны өткөрүлдү.
Жыйында Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктары аркылуу учурда дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген баада (65 сомдон) күйүүчү майлоочу майы берилип жатканыдыгы белгиленди. Бүгүнкү күндө республика боюнча 4 млн 800 миң литр колдонулду. Андан тышкары, дизелдик отунду фермерлердин жерине чейин жеткирип берүү жагы макулдашылды.
Ошондой эле жаңы “Редпей” электрондук тиркемеси тууралуу кененирээк маалымат берилип, дизелдик күйүүчү майды алууда алыскы райондорго ыңгайлуу шарт түзүлгөндүгү айтылды.
Белгилей кетсек, учурда, жалпы жети облуста жүрүп жаткан жазгы талаа иштерине планга ылайык 5999680 литр солярка бөлүнүп, бүгүнкү күндө анын 4724800 берилсе, дагы 1274880 литри кампаларда бар. Андан сырткары, учурда керектөөгө жараша дагы кошумча жеңилдетилген баадагы күйүүчү майлоочу майларды бөлүү жагы каралды.
