Кыргызстанда цементке болгон баа кескин көтөрүлдү
14 май

Кыргызстанда цементке болгон баа кескин көтөрүлдү

Кыргызстанда акыркы күндөрү цементке болгон баа кескин көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Азыгалиев билдирди.

«Министрлер Кабинети 12-майда рынокто цемент жетишпей жатканынан жана ага байланыштуу баасы көтөрүлгөнүнөн улам сыртка ташууга убактылуу киргизилген чектөөлөрдү алып таштады.

Мен муну туура чечим деп эсептейм. Мындай кадам атамекендик өндүрүштү колдоо үчүн жасалганын түшүнүп турабыз. Бирок тилекке каршы, анын айынан баа кескин кымбаттады», – деди депутат.

Азыгалиев Министрлер Кабинетинен баа эмнеге көтөрүлүп жатканын түшүндүрүүгө, цемент заводдорунун жана базардагы ортомчулардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алууга чакырды.

Эске салсак, Министрлер Кабинети чектөөнүн алынышын буга чейин «бул чечим курулуш материалдарына өсүп жаткан суроо-талапты канааттандырууга жана курулуш объектилеринин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга багытталган, бул болсо өз кезегинде республиканын экономикасын мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзөт. Цементтин импортуна убактылуу тыюунун алынышы рынокто сергек атаандаштыкты колдоого, тартыштыкты алдын алууга жана курулуш материалдарына болгон бааны турукташтырат» деп түшүндүргөн.