Баткен облусунда быйыл 13 ири өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилет
14 май

Баткен облусунда быйыл 13 ири өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилет

Баткен облусунда учурда 13 ири өнөр жай долбоору ишке ашууда. 

Облустагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, аларды жыл аягына чейин пайдаланууга берүү мерчемделген. 

Алар:

  • Кадамжай районундагы «Кожо-Кайыр-1» 300 кВт кичи ГЭСинин курулушу;
  • Кадамжай районунун Жеңиш айылында жайгашкан Халмион Пром ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан автогазоблок  заводунун курулушу;
  • Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында курулуп жаткан, Кыргыз-Түрк биргелешкен мунайды кайра иштетүүчү заводу;
  • Айдаркен шаарныдагы Таш майдалоочу жана бетон аралаштыруучу заводдун курулушу;
  • Лейлек районунун Катраң айылындагы соода-логистикалык борбордун курулушу;
  • Лейлек районундагы «Сүлүктү талаа-11» көмүр кени;
  • Сүлүктү шаарындагы «Адахан» көмүр кени;
  • Сүлүктү шаарындагы «Мурас» көмүр кени;
  • Баткен районунун Самаркандек айылындагы  логистикалык борбор;
  • Баткен районунун Ак-Татыр айылындагы пластикалык калдыктарды кайра иштетүүчү заводу;
  • Баткен районунун Самаркандек айылындагы жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү цехи;  
  • Кызыл-Кыя шаарындагы шифер комбинатынын курулушу;
  • Баткен шаарындагы өнөр-жай зонасында жайгашкан  асфальт-бетон заводу.