Энергетика министри таза энергия боюнча эл аралык форумуга катышты
6 июнь

Энергетика министри таза энергия боюнча эл аралык форумуга катышты

2025-жылдын 2-6-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Манила шаарына иш сапар менен барып, “Азиянын таза энергия форуму-2025” (ACEF) аталышындагы иш-чарага катышты.

Таза энергия боюнча эл аралык форумда (Asia Clean Energy Forum) Кыргыз Республикасынын Энергетика министри Т.Ибраевге сөз берилип, ал таза энергетиканы өнүктүрүү бүгүнкү күндүн талабы экенин баса белгиледи.

“Бүгүнкү форумдун максаты, баалуулуктар жана принциптер -энергетика тармагында биздин мамлекеттик саясатыбызга абдан шайкеш келет.

Олуттуу гидроэнергетикалык потенциалга ээ өлкө көп жылдар бою туруктуу жана таза энергияга басым коюп келет. Өлкөбүздө өндүрүлгөн электр энергиясынын 90% га жакыны ГЭСтерден алынат жана биз ишенебиз – бул башталышы гана.

Ошондуктан гидроэнергетиканы өнүктүрүү менен катар Кыргызстан күн жана шамал генерацияларын киргизүүнүн үстүндө жигердүү иштеп жатат. Бир катар аймактарда эл аралык институттар менен кызматташтыкта пилоттук долбоорлор ишке ашырылууда.

Кыргыз Республикасынын Президенти, Урматтуу Садыр Нургожоевич 2021-жылы Глазгодо “Туруктуу экономикага өтүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү – глобалдык климаттын өзгөрүшүнүн шартында биздин жалгыз жолубуз” деп белгилеген.

Кыргызстан үчүн таза энергетиканы өнүктүрүү – бул жөн гана энергетикалык стратегия эмес. Бул глобалдык климаттык тең салмактуулукка, аймактын туруктуулугуна жана кийинки муундар үчүн татыктуу келечекке кошкон салым. Андыктан баарыңыздарды кызматташууга чакырабыз”, – деди министр Т.Ибраев

Аны менен катар министр кылым долбоору “Камбар-Ата-1” долбооруна токтолук, долбоорду ишке ашыруу боюнча форумдун катышуучуларын жана АӨБны кызматташууга чакырды.

Аталган форумдун жүрүшүндө “Электр станциялар” ААКнын башкы диреткору А.А.Садыров кыргыз энергетикасы, ири долбоорлор жана өлкөнүн энергетикалык потенциялы боюнча презентация кылды.

Анда А.Садыров “Электр станциялар” ААКна караштуу ири ГЭСтерге, алардан өндүрүлгөн электр энергияга, калкты электр энергиясы менен камсыз кылуунун негизи булактарына токтолду.

Мындан тышкар перспективдүү ири долбоор Камбар-Ата-1 ГЭС тууралуу кененирээк маалымат берип, Энергетика министрлиги долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу үчүн инвесторлор менен кызматташууга даяр экенин билдирди.