Кыргызстан менен Тажикстан бажы кызматташтыгын күчөтүүдө
Чолпон-Ата шаарында 4-июнда КМШ өлкөлөрүнүн бажы кызматтарынын жетекчилер кеңешинин 80-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев менен Тажикстандын Өкмөтүнө караштуу Бажы кызматынын башчысы Хуршед Каримзода жолугушту.
Жолугушууда мамлекеттер ортосундагы чек ара аркылуу өткөрүлүүчү товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу алдын ала маалымат алмашууну уюштуруу боюнча Протоколго техникалык шарттарга кол коюлду.
Бул документ бажы көзөмөлүнүн ачык-айкындыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга, мыйзамсыз жүктөрдүн өтүшүнө каршы чараларды күчөтүүгө жана бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүп, ылдамдатууга багытталган.
Маалыматты туруктуу негизде алмашуу чек арадагы күтүү убактысын кыскартып, тариздөөнү оптималдаштырууга жана эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түзөт.
