Нурлан Жумаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай районундагы ирригациялык объекттерге барып
13 май

Нурлан Жумаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай районундагы ирригациялык объекттерге барып

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөржай министринин орун басары Нурлан Жумаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай районундагы ирригациялык объекттерге барып, вегетациялык сугаттын учурдагы абалы менен таанышты.

Алгач “Лаган” каналына барды. Аталган канал Кадамжай районунун Масалиев жана Майдан айыл өкмөттөрүн 4000 гектар аймакты сугат суу менен камсыздайт.

Андан кийин “Караван” жана “Көк-Талаа” күнүмдүк жөнгө салуучу бассейндердин (БСР) ишмердүүлүгү менен таанышты. “Караван” БСР Кызыл-Кыя шаарында орун алган, 700 гектарды сугат суу менен камсыздайт.

Ал эми “Көк-Талаа” БСР келечекте 1950 га жерди сугат суу менен камсыздайт. Техникалык экономикалык негиздеме (ТЭО) Майдан айыл өкмөтү тарабынан даярдалган.

Жумаев Кадамжай районундагы дыйкандарга сугат суунун берилиши, жаралган көйгөйлөр жана маселелер менен жеринен таанышып чыкты.

Мындан сырткары, “Кожо-Кайыр” каналы Масалиев, Майдан жана Марказ айыл аймактарынын 6300 га жерлерин сугат суу менен камсыз кылат. Бүгүнкү күндө каналдын эскилиги жетип сууну жоготуу көбөйүп, сыйымдуулугу азайып кеткен. Ошондой эле жогоруда аталган айыл аймактарда жаны жерлер өздөштүрүлүп, сугат аянттары көбөйгөндүктөн, сугат сууну жеткирүүдө маселе жаралып келет.

Маселени чечүү үчүн Кожо-Кайыр каналын реабилитациялоого Суу ресурстары кызматы тарабынан долбоор түзүлүп, каналда капиталдык ремонт, калыбына келтирүү жумуштар жасалууда.

Ошондой эле Исфайрам дарыясынын системасында Майдан жана Масалиев айылдарына сугат суу жеткирүү маселеси күч алууда. Исмат каналынын сыйымдуулугун жогорулатуу боюнча долбоор даярдалып жатат.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча, сугат маселелерин чечүү жана айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн керектүү чаралар белгиленди.

Жумаев аталган райондогу дыйкандарга бөлүштүрүп берилген сугат суунун көлөмүн текшерди. Тиешелүү жетекчилерге вегетация мезгилинде жергиликтүү калкты сугат суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.