Медербек Алиев карталардан ири сумма уурдалуусунда коммерциялык банктардын да кызыкчылыгы бардыгын айтты
17 июнь

Медербек Алиев карталардан ири сумма уурдалуусунда коммерциялык банктардын да кызыкчылыгы бардыгын айтты

Финансылык алдамчылык кылмыш болуп эсептелген учурда, ага кандайдыр бир таасир этүүгө Улуттук банкта ыйгарым укук жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Бектур Алиев билдирди. 

Ал депутат Медер Алиев тарабынан сунушталып жаткан, банк чөйрөсүндөгү алдамчылыкка бөгөт коюуга багытталган токтом долбоорун комментарийлеп жатып, анда бир-эки норма Улуттук банктын ыйгарым укуктарына туура келбей турганын айтты. 

“Токтом долбоорунда кылмыш деп жазылып жатат, Улуттук банктын кылмыштардын үстүндө иш алып барууга ыйгарым укугу жок. Бул укук коргоо органдарынын милдети. 

Экинчиден, “жарандарга келтирилген чыгымдардын ордун толтуруу” деп турат. Биз азыр коммерциялык банктардын жобосун карап, эгерде алдамчылык орун алса, алданган кардардын чыгымын ошол коммерациялык банк тарабынан жаптырууну сунуштап жатабыз”, – деди ал. 

Буга токтом долбоорунун демилгечиси, депутат Медербек Алиев макул болгон жок. Ал Улуттук бакка укук коргоо органдары менен биргеликте иштөөнү сунуштады, ошондой эле, жарандардын алдамчылыкка учуроосу коммерциялык банктардын кызыкчылыгындагы нерсе болуп жатканын кыйытты. 

“Негизи, Улуттук банк эртерээк кыймылдасаңар болмок эле. Коммерциялык банктар катардагы жарандар кредит алса жана аны өз мөөнөтүндө төлөй албай калса, анын кредиттик тарыхын бузуп коюшат. Ал жаран кийин кредит ала албай калат. Демек, коммерциялык банктар ар бир операцияны көзөмөлгө алып жатышат да. Ал эми алдамчылыкка, карталардан акча уурдоого келгенде, эч кандай ички аудит, ревизия кылышпайт. Мисалы, картадан картага акча которулганда банк дивиденд алат. Бир студентке миллиондогон каражат которулуп жатканы күмөндүү нерсе эмеспи, эмнеге дароо текшерип, коңгуроо кагышпайт? Анткени, мындан алар пайда табышат. Банк секторун Улуттук банк көзөмөлдөш керек”, – деди Алиев.