Абдиев: Жаңы мыйзам банк картасын сатып жибергендерге дагы жоопкерчиликти күчөтөт
17 июнь

Абдиев: Жаңы мыйзам банк картасын сатып жибергендерге дагы жоопкерчиликти күчөтөт

Депутат Медербек Алиев Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында токтом долбоорун сунуштады. Анын максаты – заманбап санарип технологияларды колдонгон финансылык алдамчылыкка бөгөт коюу. 

“Баарыңыздар билгендей, азыр банк чөйрөсүндө алдамчылык күчөп жатат, ар кандай билдирүүлөрдү жөнөтүшөт, банк карталарынан акчалар уурдалууда. Ошондуктан, токтом аркылуу Улуттук банкты ар квартал сайын Жогорку Кеңешке келип, алдамчылыкты жоюу, алдын алуу боюнча кандай иштер жасалып жатат, коммерциялык банктардын ички инструкцияларын иштеп чыгуу канчалык жөнгө салынды, алдамчылык боюнча канча кылмыш иши ачылды жана канча алданган жарандарга чыгымдары кайтарылды ж.б. маалыматтарды берип турууга милдеттендирүү керек. Чынында, мен айткан маселе учурдун көйгөйүнө айланды. Жабыркагандар абдан көп”, – деди депутат. 

Депутат Элдар Абакиров укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө кайрылып, алдамчыларга туш келген жарандар акчасы башка картага которулуп кеткенин билгенден кийин, ошол картанын ээсине кайрылышса, “ал картаны мен эчак сатып жибергем”, – деген жоопту угуп жатышканын айтты. Ошондой эле, карта аркылуу уурдалган каражатка аралашуу: аны банкоматтардан чыгарып берүү же өзүнүн картасы аркылуу өткөрүү сыяктуу иштерге жоопкерчилик каралбаганын билдирди. 

ИИМ министринин орун басары Нурбек Абдиевдин айтымында, банк картасынан акча уурдаткан же башка өңүттөгү финансылык алдамчылыкка дуушар болгон жарандын арызынан кийин укук коргоо органдары толук кандуу текшерүү жүргүзөт. ИИМ Улуттук банк жана Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы менен биргелешип, кайсы картага канча сумма которулган, аны ким, кантип алды – баары иликтенет. 

“Бүгүнкү күндө жаңы мыйзам долбоору сунушталып жатат, ал – так ушул картасын башкаларга сатып жибергендер боюнча. Эгерде ошол мыйзам кабыл алынса, анда алдамчылыкка ортомчу болуп калгандарга же кыйыр аралашкандарга дагы жоопкерчилик каралат”, – деди Абдиев.