Бакыт Төрөбаев: Таза суусуз эч бир айыл калбаш керек
Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылынын таза суу көйгөйү чечилип, суу түтүктөрү жаңыланууда жана райондогу «Береке» насос станциясынын агрегатын алмаштыруу пландалууда.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Тору-Айгыр айлынын таза суу менен камсыздоо боюнча жүрүп жаткан курулуш иштерин көзөмөлдөн өткөрдү. Ошондой эле, «Береке» насос станциянын абылы менен таанышып чыкты.
Бакыт Төрөбаев: “Президентибиз Садыр Нургожоевич 2030-жылга чейин Кыргызстандын бардык айылдарын таза суу менен камсыз кылуу керек, - деген тапшырманы койгон. Буюрса биз таза суу маселесине өзгөчө көңүл буруп, үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүп жатабыз. Таза суусуз эч бир айыл калбашы керек. Биздин максат элибизди таза суу менен камсыздап, саламаттыгына кам көрүү. Мамлекет калкка жагымдуу шарттарды түзүп берүү боюнча ар тараптуу иш аракеттерди тынымсыз жүргүзөт, - деп белгиледи Төрөбаев.
Бүгүнкү күндө Тору-Айгыр айылынын эскирген суу түтүктөрү жаңы РЕ-100 75*4,5мм пластик түтүктөрүнө алмыштырып жатат. Учурда 4850 метр суу түтүгү монтаждалып, кудуктар орнотулууда. Ошондой эле суу топтолуучу кампанын (резервуар) орду даярдалган. Жалпы жонунан объетинин курулуш мантаждоо иштери ушул жылдын ноябрь айынын аягында бүткөрүлүп ишке берилет. Долбоордун наркы 63 миллион 837 миң 630 миң сомду түзөт. Ал эми «Береке» насос станциясы 1973-жылы эксплуатацияга берилген. Ал Балыкчы шаары менен Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр, Тамчы айыл аймагындагы айыл чарба өсүмдүктөрүн суугаруу үчүн 1178 гектар аянтка багытталган.
Азыркы учурда «Береке» насос станциясында вегетация мезгилине даярдык боюнча иштерге 473,4 миң сом бөлүнүп, тиешелүү иштер аткарылган. Мындан тышкары, 3 млн 500 миң сомго комплект менен бир агрегат сатып алуу пландары каралууда.
