Ат-Башы районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 121933,8 миң сом каржы бузуулар аныкталды
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык, Нарын областынын Ат-Башы районунда 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 121933,8 миң сомду түзгөн, анын ичинде 114705,8 миң сому калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилгени 113319,6 миң сом.
Аудиттин материалдары Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, райондук мамлекеттик администрациянын башчысына, айылдык Кеңештин төрагаларына - Отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйруктар, Сунуштар жөнөтүлгөн.
