
6 айда 27 136 кунаажын жасалма уруктандырылды
Республиканын аймагында жалпысынан 256 ири мүйүздүү малдарды жасалма уруктандыруучу пункт бар. Ал эми кой чарбачылыгында 38 пункт иш алып барат.
6 айдын жыйынтыгы менен 27 136 кунаажын жасалма уруктандыруудан өткөрүлдү.
Чүй облусу боюнча 68 жасалма уруктандыруу пункттары бар, анын ичинен Кемин районунда – 5, Чүй районунда – 10, Ысык-Ата – 5, Аламедин районунда – 6, Сокулук районунда – 20, Москва районунда – 9, Жайыл районунда – 9, Панфилов районунда – 4.
Чүй облусунда жалпысынан 17 924 мал-жандык уруктандырылган.
Талас облусу боюнча жалпы 22 жасалма уруктандыруу пункттары иштейт. Анын ичинен Талас районунда – 4, Бакай Ата районунда – 7, Айтматов районунда – 6, Манас районунда – 5.
Талас облусунда 1 852 жалпысынан мал-жандык уруктандырылган.
Нарын облусу боюнча жалпы 34 жасалма уруктандыруу пункттары иш алып барат. Анын ичинен Ак-Талаа районунда – 2, Ат Башы районунда – 11, Нарын районунда – 12, Кочкор районунда – 4, Жумгал районунда – 5.
Нарын облусунда 729 мал-жандык уруктандырылды.
Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 42 жасалма уруктандыруу пункттары бар. Анын ичинен Жети Өгүз районунда – 17, Ысык Көл районунда – 8, Тоң районунда – 2, Ак Суу районунда – 4, Түп районунда – 7.
Ысык-Көл облусунда жалпысынан 2 439 мал-жандык уруктандырылган.
Ош облусу боюнча жалпы 41 жасалма уруктандыруу пункттары бар. Анын ичинен Алай районунда – 11, Араван районунда – 4, Кара Суу – 12, Кара Кулжа районунда – 3, Ноокат районунда – 3, Өзгөн районунда – 7, Чоң Алай районунда – 2.
Ош облусунда жалпысанан 2 217 мал-жандык уруктандырылды.
Жалал Абад облусу боюнча жалпы 38 жасалма уруктандыруу пункттары иш алып барат. Анын ичинен Сузак районунда – 8, Ноокен районунда – 4, Базар Коргон районунда – 1, Аксы районунда – 8, Ала Бука районунда – 6, Токтогул районунда – 8, Чаткал районунда – 2, Тогуз Торо районунда– 2.
Жалал- Абад облусу боюнча 1 084 мал-жандык уруктандырылды.
Баткен облусу боюнча жалпы 11 жасалма уруктандыруу пункттары бар. Анын ичинен Баткен районунда – 3, Кадамжай районунда – 5, Лейлек районунда – 1.
Баткен облусу боюнча 891 мал-жандык жасалма уруктандырылган.
Койлорду жасалма уруктандыруучу пунктар:
Чүй облусу – 2, Талас облусу – 3, Нарын облусу – 8, Ысык-Көл облусу – 1, Ош облусу – 14, Жалал-Абад облусу – 9, Баткен облусу – 1.