Кыргызстан менен Пермь аймагы ишкердик кызматташтыкты түзүүдө
13 май

Кыргызстан менен Пермь аймагы ишкердик кызматташтыкты түзүүдө

КРнын Соода-өнөр жай палатасында Пермь крайынан келген делегация менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Делегацияга Пермь шаарынын мэри Эдуард Соснин башчылык кылды. Кыргыз тараптан конокторду палатанын вице-президенти Мамасадык Бакиров тосуп алды.

Россиялык делегациянын курамында ири ишканалардын жетекчилери жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү болду. Алар Пермь шаарынын экономикалык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, кыргызстандык ишкерлерди аймакка инвестиция салууга чакырышты.

Тараптар ар тараптуу кызматташтыкка даяр экендиктерин билдиришти.