Тигүү өнөр жай тармагынан түшкөн салык 106,5 млн сомду түздү
5 июнь

Тигүү өнөр жай тармагынан түшкөн салык 106,5 млн сомду түздү

2025-жылдын январь-апрель айларында тигүү өнөр жай тармагынан түшкөн салыктык түшүүлөр 106,5 млн сомду түзгөндүгүн Мамлекеттик салык кызматы кабарлайт. 

Маалыматка ылайык, акыркы төрт жыл ичинде салыктык түшүүлөр жеңил өнөр жайынын бул тармагында туруктуу оң динамиканы көрсөтүүдө. Тактап айтканда, тигүү өндүрүшүнүн ишканалары тарабынан мамлекеттик бюджетке төлөнгөн салыктардын көлөмү:

  • 2020-жылы – 58,5 млн сом;
  • 2021-жылы – 81,2 млн сом;
  • 2022-жылы – 120 млн сом;
  • 2023-жылы – 169 млн сом болгон.

Ошол эле учурда 2024-жылы бул тармактан түшкөн салыктык түшүүлөр 1,5 эсеге көбөйүп, 2023-жылга салыштырмалуу 255,2 млн сомго жетти.

Тигүү өнөр жайы Кыргызстан экономикасынын эң активдүү өнүгүп жаткан тармактарынын бири болуп эсептелет. Бул сектор көп жумуш орундарын камсыз кылып, бюджеттин түзүүгө жана экономиканын өнүгүшүнө олуттуу салым кошууда.

Жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө болгон факторлордун катарында мамлекеттик колдоо чараларын, анын ичинде салык жеңилдиктерин берүү жана тигүү тармагында иштеген ишкерлердин айрым категориялары үчүн салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн режимин колдонууну белгилөөгө болот.