Кыргызстан жыл башынан бери 143,7 тонна бал экспорттоду
13 май

Кыргызстан жыл башынан бери 143,7 тонна бал экспорттоду

Кыргызстан 2025-жылдын 4 айында 143,7 тонна бал экспорттоду, бул өткөн жылга салыштырмалуу 45,9 тоннага көп. 

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, 2024-жылдын ушул мезгилинде Кыргызстан 97,8 тонна бал экспорттолгон болчу. Демек, экспорт 47% жогорулаган.

Башкы экспорт багыттары (2025-жылдын 4 айында):

  • Кытай – 82,1 тн (эн ири импортёр)
  • БАЭ – 24,5 тн
  • Өзбекстан – 15,1 тн
  • Кувейт – 4,6 тн
  • Катар – 6,3 тн

Булардын ичинен Кытай менен БАЭге болгон экспорт өзгөчө көп болду. Ал эми импорт азайган. 

Импорт:

  • 2025-жылы – 0,5 тн
  • 2024-жылы  – 44,8 тн

Бул ички өндүрүштүн жетиштүү болуп калганын жана сапаттуу продукцияга болгон ишенимдин артканын көрсөтөт. Кыргыз бал өндүрүшү жакшы багытта өнүгүп жатат. Демек, кыргыз балына болгон суроо-талап өсүүдө.