Эл аралык валюта фондунун миссиясы Кыргызстанга келди
Кыргызстанга ушул жылдын 12-мартынан 26-мартына чейин ЭВФтин Макулдашуу статьяларынын IV статьясына ылайык консультацияларды өткөрүү үчүн Николоз Гигинеишвили мырза баштаган Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясы расмий иш сапары менен келип кетти. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
КР Улуттук банкынын төрагасы Мелис Тургунбаев Кыргызстандын атынан ЭВФте башкаруучу катары ЭВФтин командасы менен жолугушууларды өткөрдү.
Тараптар Улуттук банк тарабынан жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты, өлкөнүн финансы секторунун туруктуулугун камсыздоо маселелерин жана жалпы эле макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу чараларын талкуулашты.
Консультациялардын алкагында министрлер кабинетинин, КРнын Улуттук банкынын жана башка уюмдардын өкүлдөрү ЭВФтин миссиясы менен жолугушуп, анын жүрүшүндө өлкөдөгү макроэкономикалык абал жана саясат чаралары талкууланды.
Талкууда ошондой эле ага Кыргызстан кирген ЭВФтин Швейцариялык добуш берүү тобунун өкүлү, ЭВФтин аткаруучу директору Патрик Лошевски да катышты.
