Кытайлык инвесторлор Кыргызстанда курулуш тармагы боюнча иш алып барууга кызыкдар
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Кытай Эл Республикасынан келген курулуш тармагы боюнча инвесторлордун тобу менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Эл өкүлү ушул тапта чет мамлекеттик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан иштелип чыккан Баткен облусунда ирригациялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча маалымат берди.
"“Баткен облусунун статусу” тууралуу мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык облуста салык, инвестиция боюнча өзгөчө режим иштейт. Бул облуска инвестиция салган инвесторлор үчүн чоң жеңилдик деп эсептейм”, - деди депутат Чыңгыз Ажибаев.
Инвесторлор өз кезегинде Кыргызстанда курулуш тармагы боюнча иш алып барууга кызыкдар экенин белгилеп, ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн лицензия алууга, ишкана түптөөдө документтерди даярдоого мамлекет тарабынан көмөк көрсөтүлсө деген пикирин билдиришти.
Эл өкүлү инвесторлор менен бирге сунуштаган долбоорлор боюнча кийинки кадамдарды талкуулоону улантуу керектигин белгиледи.
