Каракөл ГЭСинин курулушу 60%га аяктады
13 май

Каракөл ГЭСинин курулушу 60%га аяктады

Жалал-Абад облусунда Каракөл ГЭСинин курулушу тездик менен жүрүп жатат, деп кабарлайт Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы. 

Объект Кара-Суу дарыясынын боюнда курулууда жана анын долбоордук кубаттуулугу 18 МВтты түзүп, орточо жылдык электр энергиясын өндүрүү 110 млн кВт·саатты түзөт.

Курулуш иштери 2026-жылдын I кварталына чейин толугу менен аякташы пландалган. Бүгүнкү күндө объекттин курулушу 60%га бүткөн. Иштер тездик менен жүрүп жатат. Башкы подрядчы жана инвестор катары “Жагалмай” ЖЧКсы иш алып барууда.

Азыркы учурда төмөнкү иштер аткарылууда:

Башкы суу алуучу имараттын курулушу аяктап, 2 905 м³ темир-бетон төшөлдү;

Ачык бөлүштүргүч түзүлүштүн (АБТ) аянтчасы даярдалып, трансформатор орнотулду. Калган жабдуулар боюнча монтаж иштери жүрүп жатат;

ГЭС имараты боюнча 4 683,1 м³ темир-бетон төшөлдү, курулуш блокторун бетон куюу иштери жүрүүдө;

Басма суу түтүгү боюнча иштер активдүү жүрүүдө: жалпы 2 222,54 м³ темир-бетон төшөлүп, суу өткөрүүчү каналдын казылган чуңкуру 95%га аяктады.

Чакан ГЭС аймакты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзүп, өлкөнүн кайра жаралуучу энергетика тармагын өнүктүрүүгө салым кошот.