Энергетика министрлиги менен АӨБ энергетикалык долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантат
Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Манилага болгон иш сапарынын алкагында 4-июнда Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча аймактык департаментинин башкы директору Евгений Жуков, Тармактар департаментинин башкы директору Хидеаки Ивасаки, Энергетика боюнча башкы директору Приянта Виджаятунга менен жолугушту.
Ведомстводон билдиришкендей, тараптар энергетика тармагындагы кызматташууну тереңдетүү, биргеликте ири долбоорлорду ишке ашыруу жана каржылоо маселелери тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Алгач энергетика министри Азия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасына көрсөткөн туруктуу жана узак мөөнөттүү колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирип, энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы баа жеткис экенин баса белгиледи.
Жолугушуунун алкагында тараптар биргелешип ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана алдыга коюлган пландар боюнча талкуу жүргүздү. Анда министр АӨБнын Борбордук жана Батыш Азия боюнча аймактык департаментинин башкы директоруна мындан ары кызматташууну улантуу жана биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бир катар сунуштарын айтты.
Сунуштар:
1- Энергетика секторун санариптик трансформациялоонун стратегиялык маанисин жана бул процессте "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" ААК ойногон маанилүү ролду эске алуу менен Азия өнүктүрүү банкынан "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору"ААК МДМ-системасын модернизациялоого 940,8 миң АКШ доллары өлчөмүндө гранттык колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.
2- Модернизациялоо боюнча АӨБ каржылаган долбоорлор тууралуу кызматташуу маселелерин талкуулоо;
-"Токтогул ГЭСин реабилитациялоо" долбоорунун маселелери талкууланды.
Токтогул ГЭСин реабилитациялоодо 3 гидроагрегат ишке киргизилди, 4-агрегат 2025-жылдын аягына чейин ишке киргизилет. Жалпы кубаттуулукту жогорулатуу 240 МВт түзөт.
Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору 2025-жылы аяктайт жана мындан аркы кызматташууну улантуу максатында министр АӨБга “Күрпсай ГЭСин реабилитациялоо” (800 МВт) жаңы долбоорун баштоону сунушды. Тактап айтканда Күрпсай ГЭСнин төрт гидроагрегатын реабилитациялоо маселеси сунушталды. Анын кубаттуулугун 20%га чейин (160 МВт) жогорулатуу.
3- "Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоорунун маселелери;
Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоодо бир гидроагрегат ишке киргизилди, 2-агрегат 2025-жылдын аягына чейин ишке киргизилет. Жалпы кубаттуулук 36 МВтты түзөт.
Жыл сайын бирден гидроагрегатты ишке киргизүү менен долбоорду 2027-жылдын аягында аяктоо пландалууда. Бирок, өлкөдөгү электр энергиясынын таңсыктыгын кыскартуу боюнча программаларды эске алып, подрядчылар менен 2026-жылдын март майынан баштап эски 2 гидроагрегатты реабилитациялоого берүү маслеси сүйлөшүлдү. Бул планды ишке ашыруу үчүн АӨБнын колдоп берүүсүн сунуштады.
4-АӨБнын техникалык колдоосу менен «Чакан ГЭС» ААКнын ГЭС-5инде 100 кВт күн электр станциясын пилоттук орнотуу ишке ашырылды. Учурда объект энергетика системасынын бир бөлүгү катары ийгиликтүү иштеп жатат. АӨБ менен бирдикте ГЭС-5 суу сактагычынын бардык бетин жабуу үчүн фотоэлектрдик станциянын масштабын кеңейтүү боюнча иштер жүрүп жатат, бул белгиленген кубаттуулукту болжол менен 15 МВт чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. АӨБ менен биргеликте аталган долбоорду ыкчам ишке ашырууну жана аяктоону сунуштады.
5- Инфраструктуралык долбоорлор.
КРда кубаттуулукту кеңейтүү боюнча долбоорлордон тышкары, тармактык инфраструктураны (110-220-500 кВ) куруу жана модернизациялоо жаатындагы долбоорлор бар. Энергетика министрлиги АӨБ менен бул долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоого даяр, эгер АӨБ кызыкдар болсо жана АӨБ тараптан оң чечим кабыл алынса, Энергетика министрлиги ишке ашырыла турган потенциалдуу долбоорлордун тизмесин берүүгө даяр экенин билдирди.
6-АӨБ менен Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча кызматташтыкты талкуулоо;
Долбоор олуттуу инвестицияларды, заманбап технологияларды жана ишенимдүү өнөктөштөрдү талап кылат. Энергетика министри Т.Ибраев Азия Өнүктүрүү Банкы бул стратегиялык маанилүү демилгени колдоодо, финансылык катышуу жагынан да, эксперттик жана техникалык жардам көрсөтүүдө да чечүүчү ролду ойной алат деп ишенээрин билдирди.
Министр кызматташуунун алкагында төмөнкү пункттарды эске алуу менен Камбар-Ата-1 ГЭС боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон шарттарын талкуулоону сунуштады.
-Дүйнөлүк банктын жардамы менен биргелешкен кызматташтык;
-Инвестиция маселелери, АӨБ менен кызматташуу шарттары;
-Кызматташуу боюнча Жол картасы;
- каржылоо шарттары;
Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө АӨБнын тийиштүү жетекчилиги КРнын энергетика министринин сунуштарынын маанилүүлүгүн баса белгилеп:
- АӨБнын жетекчилиги "КА-1 ГЭС" долбоорунун биринчи этабына 130-150 млн. АКШ доллары Биринчи кадам катары өлчөмүндөгү баштапкы төлөмдү карап чыгууга даяр экеинин билдирди.
- "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору" ААКнын МДМ- сиситемасын модернизациялоого 940,8 миң АКШ доллары өлчөмүндө гранттык колдоо көрсөтүүнү карап берүү маселеси макулдашылды.
- Ал эми Күрпсай ГЭСнин Техникалык экономикалык негиздемеси бүткөндөн кийин, долбоорду каржылап берүү маселесин кароого мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн билдирди.
- "Чакан ГЭС" ААКна караштуу ГЭС-5ги суунун үстүндө калкып туруучу күн электр станцияларын толугу менен ишке ашырууга макулдук берилди.
Тараптар биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жакынкы аралыкта, Кыргызстанда жолугушуу уюштурууну пландалды.
Тараптар бири-бирине болгон сый-урматы терең экенин билдирип, мындан аркы иштерине ийгилик каалоо менен жолугушууну жыйынтыктады.
