Тамгада жана Караколдо электр берүү чубалгыларын жана көмөк чордондорун курууга багытталган мыйзам долбоору колдоо тапты
5 июнь

Тамгада жана Караколдо электр берүү чубалгыларын жана көмөк чордондорун курууга багытталган мыйзам долбоору колдоо тапты

4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Ысык-Көл облусунда Тамгада жана Караколдо электр берүү чубалгыларын жана көмөк чордондорун куруу» долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов тааныштырды. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунда Тамгада жана Караколдо электр берүү линиясын жана подстанцияларды куруу долбоорунда 220/110/10 кВ «Каракол» жана 220/110/24 кВ «Тамга» көмөк чордондорун, ошондой эле узундугу болжол менен 90 км болгон 220 кВ «Тамга-Каракол» электр берүү чубалгыларын куруу каралган.

«Долбоордун жалпы наркы 60,25 миллион АКШ долларын түзөт, анын ичинен 58,25 миллион АКШ долларын ИӨБ жеңилдетилген насыя түрүндө каржылайт, ал эми 2 миллион АКШ долларын Кыргыз Республикасы тең каржылайт», - деди баяндамачы.