Жаңы коон сорттору Кара-Суу районунда сыноодон өтүп жатат
24 май

Жаңы коон сорттору Кара-Суу районунда сыноодон өтүп жатат

Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунда жайгашкан "Отуз-Адыр" сорт сыноо участогуна барды.

Иш сапардын жүрүшүндө ал дарбыздын, помидордун жаңы сортторун, ошондой эле үстүбүздөгү жылы сорт сыноого коюлган башка жашылча жана дан өсүмдүктөрүнүн сыноонун жүрүшү менен таанышты. Өзгөчө көңүл сортторду региондун климаттык шарттарына адаптациялоо, алардын илдеттерге, кургакчылыкка туруктуулугу жана туруктуу түшүм түзүү жөндөмдүүлүгү маселелерине бурулду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаевдин тапшырмасы менен Түркиядан өлкөгө жогорку маржадагы өсүмдүктөрдү өстүрүүнү өнүктүрүү максатында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору алынып келинген.

Бакыт Мамбетов заманбап, жогорку түшүмдүү сортторду киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, агрардык сектордун рентабелдүүлүгүн жогорулатуу жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн алардын потенциалын белгиледи.

Жолугушуунун алкагында ал тиешелүү адистерге жана жетекчилерге натыйжалуу агротехнологиялар, тигил же бул өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн өзгөчөлүктөрү жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө туура ыкмаларды колдонуу жөнүндө окутууларды дыйкандар арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.