Тармактык комитет «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын түзүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун үч окууда колдоду
Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө», «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору үч окууда колдоо тапты.
Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорлорун Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков тааныштырды.
Анда айтылгандай «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» мыйзам долбоору өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн стимулдаштыруу, инвестиция тартуу, инвестициялык климатты жакшыртуу жана эл аралык финансылык стандарттарды жана жалпы укуктук принциптерди киргизүү максатында иштелип чыккан.
Ал эми «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталган Жарлыгын аткаруу менен бирге «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын иштеши үчүн укуктук базаны түзүү жана оптималдаштыруу болуп саналат.
Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын иштөөсү үчүн укуктук негизди түзүүнүн алкагында даярдалган жана жөнгө салуунун өзгөчө тартибин белгилөөгө багытталган.
Талкуу маалында депутат Камила Талиева «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы менен эркин экономикалык аймактын ортосундагы айырмачылыкты, укуктук статусун, түзүмүн жана «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын иш тартибин тактады. Депутат Эрнис Айдаралиев «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын ишмердүүлүгү тууралуу маселелерди көтөрдү.
