Кыргызстанда 2024-жылы 30 жаңы МТС түзүлгөн
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин беш артыкчылыктуу багыттарынын бири - кайра иштетүү өнөр жай, кооперация жана машина-трактордук станция (МТС). Бул тууралуу министрликтин жылдык коллегиясында айтылды.
Кайра иштетүү өнөр жай:
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын жыйынтыгы менен айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай тармагында 87 млрд 359 млн сом көлөмүндө тамак-аш азыктары, ага кирген суусундуктары жана тамеки өндүрүлдү, же 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 16,1 млрд. сомго көп өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси (өсүү темпи) – 120,1 пайызды түздү.
2024-жылдын январь-декабрь айларында соода-логистикалык борборлордун саны 34 түзүп 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 бирдикке көп.
Айыл чарба механизациясы:
2024-жылдын январь-декабрь айларында бардыгы болуп 1193 айыл чарба техникалары 4 млрд. 600,0 млн. сомго лизингге берилди, же былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36 техникага, же 290,0 млн. сомго көп берилди.
МТС:
30 жаңы машина-трактордук станция (МТС) жана 59 айыл чарба кооперативи түзүлдү.
Тамчылатып сугаруу системасын орноткон субъекттердин саны 806 бирдикке жетип, алардын ээлеген аянты 1321 га түздү. Күнөскана чарбалардын саны 1796 бирдикке жетип, ээлеген аянты 282 га түздү.
