Министерство и ЕБРР обсудили приоритеты развития водного сектора
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары-Суу ресурстары кызматынын директору Нурлан Жумаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрү менен жолугушту.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ирригация жана суу ресурстары жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары талкууланды.
Нурлан Жумаев өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн суу ресурстарынын стратегиялык маанисин баса белгиледи. Анын айтымында, ведомствонун негизги артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат:
- суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу,
- ирригация системасына инновациялык чечимдерди жана санариптик технологияларды киргизүү,
- суу чарба инфраструктурасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана модернизациялоо,
- ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана суу экосистемаларын коргоо чаралары.
Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан "Климатка туруктуу суу менен камсыздоо — Транш 1" долбоорунун алкагында ЕРӨБ тарабынан олуттуу колдоо өзгөчө белгиленди. Мындан тышкары, долбоордун экинчи траншынын жана Чүй облусундагы ирригациялык системаны жакшыртууга багытталган демилгелер талкууланды.
Тараптар кызматташтыкты улантууга жана кеңейтүүгө өз ара кызыкдарлыгын ырастап, Кыргызстандын суу секторун туруктуу өнүктүрүү үчүн биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилешти.
