Эмгек министрлиги: Жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү компенсацияга 91,8 млн сом которулду
16 июнь

Эмгек министрлиги: Жеңилдиктердин ордуна ай сайын берилүүчү компенсацияга 91,8 млн сом которулду

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, мурда берилген жеңилдиктердин ордуна жарандардын айрым категорияларына төлөнүүчү ай сайынкы акчалай компенсациялардын өлчөмү кайра эсептелип чыккан.

Кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча өлкө боюнча 8 711 жаран жалпы суммасы 91 793,6 миң сомго компенсация алган.

Кайра эсептөө президенттин 2025-жылдын 18-апрелиндеги жарлыгын жана министрлер кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы токтомун ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлдү, деп билдиришти ведомстводон.