Лейлекте өрүктүн түшүмдүүлүгү 1,5 эсеге өстү
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Достук айылындагы “Достук-Кадырбек” айыл чарба кооперативи быйылкы жылы дагы жогорку түшүмгө жетишкендигин билдирди.
Министрликтин колдоосу жана жүргүзүлгөн лабораториялык анализдердин жыйынтыгында өсүмдүктөргө керектүү азык заттар убагында берилген. Натыйжада түшүмдүүлүк 2023–2024-жылдарга салыштырмалуу 1,5 эсеге өстү.
Кооператив жалпы 6 гектар аянттан 16,5 тонна кургатылган өрүк алып, ички жана тышкы рынокко чыгарууга даярдап жатат.
Кооперативдин продукциясы буга чейин да чет өлкөгө экспорттолгон:
- 2022-жылы жеке ишкер менен бирдикте Америка Кошмо Штаттарына,
- 2024-жылы «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкагында Японияга жөнөтүлгөн.
Учурда болсо кооператив «3+2+1» долбоорунун алкагында иш алып барып, жакшы натыйжаларга жетишүүдө.
Эске сала кетсек, дыйканчылыктын мыкты көрсөткүчтөрүнүн негизинде Эргашев Кабылбек мырза 2025-жылдын январь айында өткөн Министрликтин “Агродиалог” иш-чарасында өрүк өстүрүү боюнча “Чемпион дыйкан” сыйлыгына татыктуу болуп, үлгүлүү дыйкандардын катарын толуктаган.
