Алматыдагы 300 сомдук цемент Бишкекте 600 сомго сатылат
Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында “Шаар куруу, архитектура жана курулуш ишинин негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Депутат Элдар Абакиров бир мүшөк цемент үчүн Бишкектеги жана Алматыдагы бааларды салыштырды.
“Бишкекте бир мүшөк цемент 600 сомго жетет, ошол эле маалда Алматыда чекене түрдө 300 сомго сатылат”, – деди депутат.
Ал эмне үчүн Кыргызстанда баа эки эсе жогору деген суроо менен Курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрүнө кайрылды. Ошондой эле, алардан баанын көтөрүлүшүн анализдеп, жыйынтыгын маалымдоону суранды.
