Жарым жылда айыл чарбасынан түшкөн салык 563 млн сомдон ашты
1 август

Жарым жылда айыл чарбасынан түшкөн салык 563 млн сомдон ашты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, 2025-жылдын январь-июнь айларында айыл чарба тармагынан түшкөн салыктык түшүүлөр 563,4 млн сомду түздү.

Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 76 млн сомго көп.

Акыркы беш жылда Кыргызстанда айыл чарба тармагынан түшкөн салык 4 эсеге өстү.

Бул мезгилдеги жыйымдардын жалпы суммасы 3 млрд 516 млн сомго жетти.

2020-2024-жылдар аралыгында экономиканын бул секторунан түшкөн салыктык түшүүлөр төмөнкүнү түздү:

2020-жылы – 261,07 млн сом;
2021-жылы – 325,7 млн сом;
2022-жылы – 507,7 млн сом;
2023-жылы – 818,8 млн сом;
2024-жылы – 1 млрд 40 млн сом.