Кыргызстан менен Беларустун ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлду
4 июнь

Кыргызстан менен Беларустун ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу боюнча бир катар документтерге кол коюлду

Белагро — 2025 форумунун алкагында айыл чарба кызматташтыгын чыңдоого багытталган Беларусь-Кыргызстан бизнес форуму болуп өттү. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү тарабынан маанилүү документтерге кол коюлду.

Тактап айтканда:

  • Асыл тукум мал чарбачылыгы жаатында өз ара кызматташуу жөнүндө меморандум, анда технологиялар алмашуу, асыл тукум программаларын биргелешип өнүктүрүү жана породалардын сапатын жогорулатуу каралган. 
  • Үрөндү тоңдуруу технологиясын өнүктүрүүгө - жаныбарлардын генетикалык материалын төмөн температурада узак мөөнөткө сактоо ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулат.
  • Кыргызстандан Беларуска жаңы жашылча-жемиштерди , картошка, сабиз, капуста, алма жана цитрус жемиштерин жеткирүү жөнүндө келишимге кол коюлду.

Бул келишимдер сооданы кеңейтүү, агрардык секторду өнүктүрүү жана эки тараптуу байланыштарды бекемдөө үчүн жаңы перспективаларды түзөт.