Кыргызстанда финансы секторунун уюмдарынын кирешеси эки эсеге өстү
4 июнь

Кыргызстанда финансы секторунун уюмдарынын кирешеси эки эсеге өстү

Улуттук статистика комитет каржы секторунун көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди.

2025-жылдын I кварталында экономиканын финансы секторунда 546 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 507 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 17 камсыздандыруу уюму иш жүргүздү. Аларда иштегендердин саны 30 миңге жакын адамды түздү.

Финансы секторундагы уюмдардын кардарларынын базасы өткөн жылдын ушул эле күнүндөгү кардарлардын санына салыштырмалуу дээрлик 4,5 миллион эсепке көбөйүп, 2025-жылдын март айынын аягына карата дээрлик 17 миллиондон ашты. Анын кеңейиши негизинен мобилдик банкинг системасына кошулган банктардын кардарларынын санынын, ошондой эле камсыздандыруу секторунда түзүлгөн келишимдердин санынын өсүүсү менен камсыздалды.

2025-жылдын I кварталында финансы секторунун уюмдарынын кирешелери 47 млрд. сомго жетип, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 1,4 эсеге көбөйдү, бул негизинен банктардын жана камсыздандыруу уюмдары менен камсыздалды.

2025-жылдын январь-март айларында финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 57%га жакынын түздү, ал эми уюмдардын 16%ы чыгым тартты.

2025-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунун ишканалары тарабынан 16 млрд. сом өлчөмүндө сальдолоштурулган пайда алынды, анын көлөмү өткөн жылдын тийиштүү мезгилинин деңгээлинен 2 эсеге өстү. Үстүбүздөгү жылдын үч айында пайданын эң чоң өсүшү Улуттук банкта катталган.