Ишкерлер июндун аягына чейин картошканын үрөнүн бажы төлөмүсүз алып келе алышат
Июнь айынын аягына чейин кыргызстандык ишкерлер картошканын үрөнүн бажы төлөмүн төлөбөстөн алып келе алышат. Бул чара тышкы экономикалык саясаттын алкагында каралган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289-, 297-, 298- жана 299-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу чаралары жөнүндө» 2022-жылдын 11-мартындагы №131 токтомуна ылайык, картошканын үрөнү кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулат.
Буга катар, импорттоодо кошумча нарк салыгынан бошотулган айыл чарба продукцияларынын тизмегин жогоруда белгиленген токтомдон кароого болот.
