ЦАРЭСке мүчө болгон 11 өлкөнүн өкүлдөрү агроөнөр жай секторун өнүктүрүү маселлерин талкуулашты
21–23-май күндөрү өткөн үч күндүк жолугушууда ЦАРЭСке мүчө болгон 11 өлкөнүн өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери жана эксперттер региондогу агроөнөр жай секторун өнүктүрүүдөгү негизги маселелер жана мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты.
Жыйында айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, инвестиция тартуу, заманбап рыноктук инфраструктураны өнүктүрүү, жер жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу, ошондой эле чек ара аралык кызматташтыкты бекемдөө маселелери каралды.
ЦАРЭС жумушчу тобунун түзүлүшү 2022-жылы министрлер тарабынан кабыл алынган Айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча Биргелешкен кызматташтык алкагын ишке ашырууда маанилүү кадам болуп саналат. Бул жыйындын жыйынтыгы айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүүгө жана региондо азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталган артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууну тездетүүгө өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги бардык катышуучуларга жана өнөктөштөргө конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирет жана ЦАРЭС регионунун туруктуу келечегин камсыз кылуу жолунда мындан аркы кызматташууга даяр экендигин белгилейт.
