Быйыл Кыргызстанга 10 млн ашуун турист келери күтүлүүдө
16 июнь

Быйыл Кыргызстанга 10 млн ашуун турист келери күтүлүүдө

Быйыл Кыргызстанга 10 млн ашуун турист келери күтүлүүдө. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди. 

Анын айтымына караганда, 2024-жылы Кыргызстанга 8 миллион 600 миңден ашуун турист келген. 

"2025-жылдын жайкы туристтик сезону башталды. Туризм – экономикабыздын маанилүү багыттарынын бири. Ошондуктан ар бир кыргызстандык бул тармактын өнүгүшүнө салым кошууга тийиш. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга туристтер бир гана кыргыз бермети – Ысык-Көл үчүн келбейт. Алар бүтүндөй өлкөбүздү: жети дубанды, алыскы тоолуу аймактарыбызды түрө кыдырып жүрүшөт. Айрыкча, экотуризм деп жайлоолорубузга чейин барып, тоо-ташка чыгып, керемет жаратылышыбызга суктануу менен эс алышат. Эргүү алып, күч-кубат топтоп кетишет", – деди ал.