Жалал-Абадка Өзбекстандан келген туристтердин агымы артууда
Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Балтыркан жайлоосунун Ой-Алма участкасында “Балтыркан - 2025” I эл аралык туристтик фестивалы өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Иш-чарага облус башчысы Тилек Текебаев, район акими Максатбек Саргазаков, облус аймактарынан жана коңшу Өзбекстандан келген меймандар жана район тургундары катышты.
Облус башчысы Тилек Текебаев саамалыктын катышуучуларын куттуктап, бул иш-чара Аксы районунун жаратылыш кооздугун, меймандостугун дүйнөгө таанытуу үчүн түзүлгөн жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.
Өкүл “Балтыркан - 2025” I эл аралык туристтик фестивалынын уюштуруунун максаты - туристтерди тейлөө сапатын, маданиятын жогорулатуу, жергиликтүү тургундардын киреше бөлүгүн арттыруу жана райондогу табияты кооз аймактарды даңазалоо болуп саналарын кошумчалады.
Тилек Текебаев соңку жылдары ички жана тышкы туризмди жакшыртуу боюнча натыйжалуу кадамдар бар экенин айтып, чет өлкөлөрдөн, анын ичинде коңшу Өзбекстан Республикасынан келген туристтердин агымы артып баратканын кошумчалады.
Туристтик фестивалдын жүрүшүндө улуттук тамак-аш, Аксы районунда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү тартууланды. Мындан сырткары “Дестинация Жалал-Абад” уюму тарабынан тоолуу жана окуялуу туризм боюнча практикалык көргөзмө, улуттук оюн түрлөрү өткөрүлдү.
