Ысык-Көлдө ЕАЭБде тобокелдиктерди башкаруу тутумун өнүктүрүү маселелери талкууланды
4 июнь

Ысык-Көлдө ЕАЭБде тобокелдиктерди башкаруу тутумун өнүктүрүү маселелери талкууланды

Ысык-Көл облусунун Бает айылында 1-3-июнь күндөрү ЕАЭБдин Бажы кызматтарынын биргелешкен коллегиясынын алдындагы тобокелдиктерди башкаруу тутумун (ТБТ) өнүктүрүү боюнча жумушчу топтун 61-отуруму өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Отурумга Армения, Беларусь, Казахстан, Кыргызстан жана Россиянын бажы кызматтарынын өкүлдөрү катышышты. ТБТны жакшыртуу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

• Товарлардын айрым категорияларын бажылык декларациялоого талдоо жана мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары;

• Унификацияланган тобокелдик профильдерин бекитүү үчүн коддордун тизмесин түзүү;

• Бажы транзити учурунда тобокелдиктерди азайтуу чараларын колдонууга бирдей ыкмалар.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча акыркы протоколго кол коюлду жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын Бириккен коллегиясынын 50-отурумуна чечимдердер киргизилди. Бул чечимдер ЕАЭБ бажы органдарындагы тобокелдиктерди башкаруу тутумун мындан ары жакшыртууга багытталган.