Кыргызстан 2026-2030-жылдары Түрк инвестициялар фондун жетектейт
Экономика министрлиги
26 октябрь

Кыргызстан 2026-2030-жылдары Түрк инвестициялар фондун жетектейт

Ташкент шаарында ушул жылдын 22-октябрында Түрк инвестициялык фондунун (ТИФ) Башкаруучулар кеңешинин үчүнчү жыйыны өттү. Бул туралуу Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. 

Анда Фонддун ишмердигинин негизги багыттары, стратегиялык артыкчылыктары жана андан аркы институционалдык өнүгүүсү талкууланды.

Кыргыз Республикасынын атынан жыйынга экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Фонддун Башкаруучулар кеңешиндеги башкаруучу катары катышты.

Жыйындын күн тартибине Фонддун ишмердиги, жетишилген натыйжалары жана өнүгүү келечеги, ошондой эле башкаруу жана мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин өркүндөтүү маселелери кирди.

ТИФтин президентинин жана башкы директорунун кызмат орундарын ротациялоо механизмин өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Башкаруучулар кеңеши мүчө мамлекеттердин ортосунда жетекчилик кызмат орундарын ротациялоо графигин бекитти. Ага ылайык, Кыргыз Республикасы 2026–2030-жылдарга Түрк инвестициялык фондунун президенттик кызматына талапкер көрсөтөт.

Кыргыз Республикасынын Түрк инвестициялык фондунун ишмердигине катышуусу мүчө мамлекеттердин ортосундагы финансылык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле экономикалык өнүгүүгө жана аймактык өз ара байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзгөн долбоорлорду колдоого багытталган.

Түрк инвестициялык фонду — түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө көмөктөшүүгө багытталган көп тараптуу финансылык институт.