«Бишкек Арена» стадионунун аймагына 58 чынар жана 2,5 миңден ашык бадал отургузулду
Сүрөт: GIZ
2 ноябрь

«Бишкек Арена» стадионунун аймагына 58 чынар жана 2,5 миңден ашык бадал отургузулду

Бишкектеги «Бишкек Арена» стадионунун аймагына 58 чынар дарагы жана 2,5 миңден ашык кооздук бадалдары менен көп жылдык чөп өсүмдүктөрү отургузулду. Бул тууралуу Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жаңы жашыл аймактын аянты 750 чарчы метрди түзөт. Ал талаа ландшафтынын стилинде жасалгаланып, толкун сымал ийри сызыктар жана түрдүү өсүмдүктөрдүн айкалышы менен өзгөчөлөнөт.

Долбоордун авторлорунун максаты — жашылдандыруу аркылуу стадиондун архитектурасын баса белгилеп, анын айланасындагы мейкиндикти көрктөндүрүү.

Иш-чара 30-октябрда кыргыз-герман кызматташтыгынын алкагында өткөрүлдү. Ага мамлекеттик мекемелердин, эл аралык уюмдардын, өнөктөш түзүмдөрдүн өкүлдөрү жана ыктыярчылардан турган 60тан ашык адам катышты.

Алардын арасында Германиянын элчилигинин, Кыргызстандын министрликтеринин жана ведомстволорунун, «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасынын, билим берүү жана медициналык мекемелердин өкүлдөрү болду.

Германиянын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Ларс Фейен эки өлкөнүн көп жылдык кызматташтыгына токтолду. Ал эми GIZ уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель жаратылыш ресурстарын сактоо, энергетика жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу багыттарындагы биргелешкен долбоорлор тууралуу айтып берди.

Иш-чараны Германиянын элчилиги, GIZ уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана «Бишкекжашылкурулуш» муниципалдык ишканасы уюштурду. Аны өткөрүүгө MoveGreen экологиялык уюму да көмөк көрсөттү.