Улуу Жеңишке 80 жыл. Баткенде «Өлбөс полк» жүрүшү өтөт
Баткен облусунун аймагында Улуу Жеништин 80 жылдыгына карата салтка айланган «Өлбөс полк» жүрүшү өткөрүлөт. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Иш-чара облустун бардык район шаарларынын борборунда 9-майында саат 9:30да башталат.
«Бул күнү облус тургундарын Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун катышуучуларынын сүрөтү менен келип, жүрүшкө катышып, ата-энелерибиздин эмгегин эскерип, эрдигин даңазалоого чакырабыз», – деп айтылат билдирүүдө.
