
Бишкекте “Манас” эпосунун англис тилиндеги котормосунун бет ачары өттү
Бишкекте бүгүн, 21-майда «Манас» эпосунун англис тилиндеги котормосунун расмий бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу улуттук «Манас» академиясынан кабарлашты.
Китеп КР Баатыры, драматург Бексултан Жакиев тарабынан кара сөз түрүндө иштелген эпостун кыскартылган формасы.
Бул маанилүү котормону жаш жана таланттуу котормочу Акылай Байматова ишке ашырып, эпостун мазмунун, руханий баалуулуктарын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн дүйнөлүк окурманга жеткиликтүү жана түшүнүктүү кылып чагылдырууга аракет кылган.
«Иш-чаранын жүрүшүндө «Манас» эпосунун англис тилиндеги котормосу – бул кыргыз маданиятынын, тарыхынын жана дүйнө таанымының уникалдуу энциклопедиясы болуп саналган улуу мурастын дүйнөлүк коомчулукка жол тартуусу. Котормо кыргыз элинин маданий дипломатиясынын маанилүү куралы катары кызмат кылат», – деп айтылат маалыматта.