Нарын облусунда туристтик милиция кызматкерлери чет элдик туристтерге жардам көрсөтүштү
10 июль

Нарын облусунда туристтик милиция кызматкерлери чет элдик туристтерге жардам көрсөтүштү

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын Туристтик милиция кызматкерлери кызмат өтөө учурунда Ат-Башы районундагы Көл-Суу көлүнө жакын аймакта чет элдик жарандардын автоунаасы суунун ортосунда бузулуп, кыймылдай албай калгандыгы тууралуу маалымат алышкан.

Окуя болгон жерге ыкчам жеткен туристтик милиция кызматкерлери тиешелүү жардам көрсөтүп, автоунааны суудан коопсуз жерге чыгарышкан. Натыйжада чет элдик жарандар сапарын коопсуз улантууга мүмкүнчүлүк алышты.

Көрсөтүлгөн ыкчам жардам үчүн туристтер Кыргыз милициясына, өзгөчө Нарын ОИИБдин Туристтик милиция кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиришип, алардын кесипкөйлүгүн жана жоопкерчилигин жогору баалашты.

Нарын ОИИБдин Туристтик милициясы туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу, аларга зарыл учурда жардам көрсөтүү жана аймакта коомдук тартипти сактоо багытындагы кызматын үзгүлтүксүз улантууда.