Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү
10 июль

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө социалдык-экономикалык өнүгүүгө байланыштуу актуалдуу маселелер каралды.

Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн 2026–2028-жылдарга карата программасын кабыл алуу жөнүндөгү, ошондой эле мамлекеттик менчиктеги жер участокторун пайдалануу үчүн ижара акысынын өлчөмүн аныктоо методологиясын бекитүү жөнүндөгү токтомдорду жактырышты.