«Манас» аэропортунда 28 160 долларды мыйзамсыз алып чыгууга шектелген жаран кармалды
10 июль

«Манас» аэропортунда 28 160 долларды мыйзамсыз алып чыгууга шектелген жаран кармалды

«Манас» эл аралык аэропортунда чет өлкөлүк валютаны мыйзамсыз алып чыгууга аракет жасалганы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бажы кызматкерлери ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз өткөрүү фактысына бөгөт коюшкан.

Текшерүү учурунда Өзбекстан Республикасынын жараны Кыргызстандан бажы декларациясын толтурбастан жана ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу акча каражаттарын өткөрүүнүн белгиленген талаптарын бузуу менен 28 160 АКШ долларын өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылганы аныкталган.

Бул факты боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.