Агартуу министри Россиянын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары менен жолугушту
Бүгүн, 10-июлда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский менен жолугушту.
Тараптар Кыргыз Республикасы үчүн педагогикалык кадрларды Россиянын жогорку окуу жайларында даярдоо мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле бул багыттагы кызматташууну өнүктүрүүдө Кыргыз-Россия Славян университетинин жана Россия мамлекеттик социалдык университетинин Ош филиалынын ролун талкуулашты.
Министр Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, масштабдуу реформаларды ишке ашырууга ар тараптуу мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп жатканын баса белгиледи.
Анын айтымында, өлкөдө билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты ишке киргизилип, мамлекеттик, улуттук жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга негизделген билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Ошондой эле министр башталгыч кесиптик билим берүү системасы толугу менен практикага багытталган окутуу моделине өткөрүлгөнүн белгилеп, мектептерде профилдик окутууну этап-этабы менен киргизүү иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
