Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга чөккөндөрдү куткарып калгандарды сыйлады
10 июль

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга чөккөндөрдү куткарып калгандарды сыйлады

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев өз өмүрүн тобокелге салып, сууга чөккөн жарандарды аман-эсен куткарып калган жарандарга жана ӨКМ менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барган кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук сыйлыктарын ыйгарды.

Анда “Аскердик – жарандык кызматташтыкты чыңдагандыгы үчүн” медалы жана “Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн” медалдары менен бир катар жарандар сыйланды.

Министр салтанаттуу аземде сыйлык ээлерин куттуктап, алардын эрдиги, кайраттуулугу жана адам өмүрүн сактап калууга кошкон салымын жогору баалап, коом үчүн сыймыктуу үлгү жаратышканын белгиледи. Ошондой эле алардын иштерине ийгилик, жаңы жетишкендиктерди каалады.

Эске салсак, 2026-жылдын 19-июнунда Аламүдүн районунун “Теплые ключи” эс алуу жана дарылоо борборуна жакын жерде унаа жардан сууга кулаган. Окуянын күбөсү болгон бул жарандар кайдыгер карабастан, өз күчтөрү менен куткарууга жардам беришкен.

Дагы бир сыйлык ээси 2026-жылдын 20-июнунда Балыкчы шаарындагы эс алуу жайларынын биринин аймагында кызмат өтөп жүргөн учурда көл жээгинен сууда кыймылсыз жаткан өспүрүмдү байкап, жасалма дем алдыруунун натыйжасында 9 жаштагы баланы сактап калып, дарыгерлерге өткөрүп берген. Андан төрт күн өткөндөн кийин, 2026-жылдын 24-июнунда көл жээгинде жүргөндө жарандардын жардам сураган үндөрүн угуп, ал дароо окуя болгон жерге жетип барып, дем албай жаткан өспүрүмдүн өмүрүн сактап калган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 35 жылдык мааракесине карата министрликтин бир катар кызматкерлерине Жогорку Кеңештин “Ардак грамотасы” жана Коргоо министрлигинен сыйлыктар салтанаттуу тапшырылды.