Кыргыз Республикасынын делегациясы Сингапурда Moody’s, финансы институттары жана инвесторлор менен жолугушууларды өткөрдү
10 июль

Кыргыз Республикасынын делегациясы Сингапурда Moody’s, финансы институттары жана инвесторлор менен жолугушууларды өткөрдү

Кыргыз Республикасынын делегациясы Сингапурга болгон иш сапарынын алкагында эл аралык финансы институттары, рейтинг агенттиктери жана институционалдык инвесторлор менен кызматташууну чыңдоого багытталган бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Кыргыз делегациясынын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин жана Улуттук банкынын өкүлдөрү кирди.

Moody’s эл аралык рейтинг агенттигинин өкүлдөрү менен болгон жолугушууда кыргыз тарап макроэкономикалык кырдаал, туруктуу экономикалык өсүш, түзүмдүк реформалар, өнөр жайдын, туризмдин өнүгүшү, инвестициялык климат, инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашырылышы жана тоо-кен тармагынын өнүгүшү тууралуу жаңыланган маалыматтарды сунуштады.

Жолугушууда акыркы жылдары Кыргыз Республикасы туруктуу экономикалык өсүштү көрсөтүп келе жаткандыгы белгиленди. Тактап айтканда, ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) реалдуу өсүшү 2022-жылы 9,0 пайызды, 2023-жылы 9,0 пайызды, 2024-жылы 11,5 пайызды жана 2025-жылы 11,1 пайызды түздү. Ошону менен бирге, 2026-жылдын январь–июнь айларында да экономиканын өсүү темпи жогорку деңгээлде сакталып, 12,2 пайызды түздү.

Экономиканы диверсификациялоо, өсүштүн айрым факторлорунан көз карандылыкты азайтуу, өндүрүштүк базаны кеңейтүү, түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу, ошондой эле ишкердик чөйрөнү жакшыртуу жана ишкерликти колдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов өлкөнүн экономикасы негизинен акча которууларына, «Кумтөр» кенине жана реэкспорттук соодага көз каранды деген мурдагы түшүнүк бүгүнкү күндүн реалдуулугун толук чагылдырбай турганын белгиледи. Анын айтымында, бул факторлор өз маанисин сактап калганы менен, экономикалык өсүш барган сайын диверсификацияланып, өнөр жайдын, кызмат көрсөтүү тармагынын, туризмдин, инфраструктуранын, авиациялык байланыштын жана жаңы инвестициялык долбоорлордун өнүгүшүнө көбүрөөк таянууда.

Ушуга байланыштуу кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын экономикасы ырааттуу өнүгүп жатканын жана Moody’s агенттигинин учурдагы рейтингдик баасы өлкөнүн жетишкен прогрессин, экономикалык өсүштүн туруктуулугун, жүргүзүлүп жаткан түзүмдүк реформаларды жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшырышын толук деңгээлде чагылдырбай турганын белгиледи.

Иш сапардын алкагында Сингапурдун Валюталык башкармалыгынын өкүлдөрү менен дагы жолугушуу өткөрүлүп, анда банктык көзөмөл, финансы секторун санариптештирүү, эл аралык резервдерди башкаруу, санкциялык талаптарды сактоо, адистерди даярдоо жана Сингапур тарап менен тажрыйба алмашууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, делегация институционалдык инвесторлор жана Сингапурдун финансы секторунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Кыргыз тарап өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн, Кыргыз Республикасынын эл аралык капитал рынокторуна чыгуу тажрыйбасын жана мындан аркы кызматташтыктын келечектүү багыттарын тааныштырды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар рейтингдик өз ара аракеттенүүнү, инвестициялык кызматташууну, финансы жана банк секторлорундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле тажрыйба алмашууну улантууга өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Сингапурга болгон иш сапары Кыргыз Республикасынын эл аралык финансы рынокторундагы экономикалык күн тартибин илгерилетүүдө, чет өлкөлүк инвесторлордун ишенимин бекемдөөдө жана дүйнөнүн алдыңкы финансы институттары менен кызматташууну кеңейтүүдө маанилүү этап болду.